Порше унаасынын күйөрманы өзүнүн унаасы үчүн айланасы терезе менен тосулган атайын жай жасаган. Германиянын 46 жашар тургуну Андреас Кюммель анын курганы гаражга окшобошу үчүн болгон аракетин жумшаган. Тагыраагы, жакшы көргөн унаасы үчүн атайын бөлмө жасаткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Поршенин "бөлмөсүндө" дарбазаны эсептебегенде гаражды эске салган эч нерсе жок. Анын эки тарабындагы дубал айнектен жасалып, Кюммелдин үй тарабын карап турат. Мындайда үй ээси конок бөлмөсүнөн унааны күзөтө алат. Ал эми жолдун башка жагынан караганда жөнөкөй унаа токтоочу жайдай көрүнүп, эч кимдин ашыкча көӊүл буруусун да албайт.
Мындай өзгөчө жайды курууга ал архитектор досун жана театр сүрөтчүсүн чакырган.