Кесиптешин сабаган Аламүдүн РИИБинин башчысынын орун басары кызматтан алынды

Аламүдүн РИИБинин башчысынын ыкчам иликтөө иштери боюнча орун басары Талант Аттокуров кол алдында иштеген кызматкерин сабап салгандыгы үчүн кызматтан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Аталган жооптуу кызматкер бир апта мурун участкалык милиция кызматкери Абдулла Алиевди сабаган. Жабырлануучу РИИБинин эки кызматкери кол көтөргөнүн айтып, “жетекчи чакырып жатат” деп бөлүмдүн короосуна алып кирип, сабашты” деп көрсөтмө берди. Ал эми ИИМ жабырлануучу Алиев короодон эмес, өзүнүн иш бөлмөсүнөн сабалганын, жана ага Талант Аттокуров да катышканын айтууда. "Абдулла Алиев өзүнүн аймагында болгон кылмышты жашырып, башкармалыкка билдирбей, кызматына тактык көрсөтө алган эмес",- деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан