КҮНСЕРЕП: Атамбаев саясатта калат

Бүгүн, 1-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Алмазбек Атамбаев президенттиктен кеткени менен саясатта калат. Мындай маалыматты президент Орусия президенти Владимир Путин менен бирге журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Атамбаев Текебаевдин камалышы боюнча комментарий берип жатып өзү баштаган иштерди аягына чыгарууга кийинки президенттин саясий эрки жетер-жетпесин билбей турганын, андыктан саясатта кала берерин айтты. Президенттик мөөнөтүн жыл, күн, айына чейин так эсептеп айтканды жакшы көргөн, “чарчадым, эс алам, китеп окуйм, чыгармачылык менен алектенем”, - деп дайыма жарыя айтып келген президенттин бул жолку сөзү талкуулардын жаңы толкунун жаратты. Президент оюн күтүүсүз өзгөртүүгө эмне түрткү болгонун ачыктаган жок. Буга чейин оппозиция Алмазбек Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин да бийлигин сактап калууну көздөп Конституцияны өзгөртүп жатат деп жарыялап, өлкө башчы бул айыптоону четке кагып келген...

Жогорку Кеңеште депутат Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы талкууланды. "Ата Мекенчи" депутаттардын сунушу менен жыйынга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Абдил Сегизбаев жана башкы прокурор Индира Жолдубаева чакыртылып, депутаттарга маалымат беришти.
Эл өкүлдөрүн кызыктырган көп суроолор "тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн" деген негизде жоопсуз калды. Сегизбаев менен Жолдубаева жооп таба албай кыйналган суроо "Текебаевге 1 миллион доллар бердим" деген орусиялык жаран Леонид Маевскийдин статусу болду. Эгерде Текебаев пара алды деп айыпталса, эмне үчүн Маевский пара берди деп айыпталбай жатат? 120 депутаттын көпчүлүгүн бул суроо кызыктырып, жөндүү жооп ала алышпады. УКМК төрагасы башында Маевскийди жабырлануучу деп атап алып суроолор астында калды. Баш прокурор Сегизбаевдин катасын түзөөгө шашып, Маевскийдин статусу - арыздануучу деп атады. Кылмыш иши Текебаевге каршы көрсөтмөлөр жетиштүү болгондуктан козголгон, Маевскийдин өзүнө айып тагылабы-жокпу тергөөнүн жүрүшүндө жагдайларга жараша белгилүү болот. Кыргыз мыйзамдарына ылайык, пара берүү да кылмыш деп саналат. Маевскийге пара сунуштаган деген айып тагылса, аны Кыргыз жерине алып келүүгө туура келет. Эгерде келбей койсо... Буга Сегизбаев да, Жолдубаева да жооп айта алышкан жок. Белгилүү болгондой, Маевский Текебаев кармалган күнү Бишкекке келип, айыпталуучу менен көздөштүрүлгөндөн кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Дагы бир суроону тийиштүү мамлекеттик органдар, УКМК жетекчиси, башкы прокурор жоопсуз калтырууда. Текебаев алды делген 1 миллион доллар накталай акча кандай жол менен өлкөгө киргизилген? Мыйзамга ылайык, өлкөгө 10 миң доллардан ашык суммада акча киргизилсе Бажы кызматы акчанын булагын, кайда жумшаларына декларация сурашы керек. УКМКнын билдиришинче, Текебаев алды делген 1 миллион доллар эки бөлүп: алгач 300 миң, кийин 700 миң доллар киргизилген. Эгерде бул акча аткезчилик жол менен киргизилсе, анда Маевскийдин өзүнө кылмыш ишин ачууга негиз жаралат. УКМК башчысы "териштирүү аныктайт" деген жооп менен чектелүүдө. Эл өкүлдөрүн дагы бир кызыктырган суроо кылмыш ишинин пара алуу эмес, коррупция беренеси боюнча козголгону болду. Суроо-жооптор арасында депутаттар мурунку баш прокурор Аида Салянованын учурдагы баш прокурор Индира Жолдубаевага Конституция жана кылмыш-процессуалдык кодекс боюнча мастер класс бергенине күбө болушту.

"Ата Мекендин" депутаттарынын Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүгө таасир этүү аракети парламенттик көпчүлүктөн колдоо тапкан жок. КСДПнын депутаттары "ата мекенчилерди" териштирүү бүтө электе ызы-чууга алдырбай, мыйзамды сыйлоого чакырышты...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан