Гүлнара Калдарова менен Айжамал Кабылова концертинде күйөрмандарына ыр майрам, көңүлдүү маанай тартуулашты (фоторепортаж)

1-март жаздын алгачкы күнүндө ырчылар Гүлнара Калдарова менен Айжамал Кабылова Бишкектеги Спорт Ордосунда жеке концертин өткөрүштү. Концертке Жеңишбек Айтиев, Темир Назаров, Замир Мырза, Данияр Эрматов "Кыз-Бурак" тобунун мурунку ырчылары Айпери Сыдыкова, Сайкал Садыбакасова жана башкалар катышышты.

"Жеке концерт болгондуктан, албетте, толкунданып жатабыз. Бул кечеде күйөрмандарга атайын жаздырган жаңы чыгармаларды, дуэттерди, трио чыгармаларды тартуулайбыз", - деген ырчылар күйөрмандарына ыр майрам тартуулашты.

Концертти "Эксклюзив" бий тобунун бийчилери баштап беришти. Алпаруучулук кызматты Жеңишбек Айтиев менен Манас Алыкулов аркалашты. Айжамал Кабылованын сахнада бут кийимин чечип ырдап, бийлегенин көргөн Жеңишбек Айтиев: "Айжамал карыбаптыр, 2 баланын энеси болсо дагы сахнада бийлеп жүрөт", - деп тамашалай кетти.

Ошондой эле сахнага ырчыларды куттуктап келген Гүлшайыр Садыбакасова өзү тарбиялап өстүргөн кыздарына чыгармачылык ийгилик каалап, батасын берди.

Кечеде эл сүйгөн "Жан-жан", "Ак куулардын арманы", "Күткүм келет" жана башка белгилүү хит чыгармалар, дуэт, триолор жаңырды. "Мен турмуштун сыноосуна кабылган учурда калың кыргыз элим, чыгармачылык мени сындырбай сактап калды. Андыктан баарыңыздарга ыраазычылык билдирип, таазим этем", - деген Айжамал Кабылованын "Турмуш сабагы" чыгармасын сахнадагы эл кол чабуулар менен коштоп жатты. Концерт соңунда патриоттук ыр "Кыргызстан" жана "Жолугушканча" деген ырлар аткарылып, жыйынтыкталды.

Айжамал Кабылова менен Гүлнара Калдарованын жеке концерти. 01.03.17.
Айжамал Кабылова "Жан, жан". 01.03.17.
Манас Алыкулов "Шорпо". 01.03.17.
Гүлшайыр Садыбакасова ырчы кыздарына ийгилик каалады. 01.03.17.
Айжамал Кабылова менен Гүлнара Калдарова "20 жыл сахнада"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
alik25
2017-03-02 00:33:53
Кенже эже жок баари бир анчалык коркуно чыкпай калыптыр бирок ийгилик
-28
Elia2015
2017-03-02 09:38:47
alik25, Кенженин балдарынан окшойсун аа. Аябай сонун болуптур Кенжесиз деле отто корктуу турушат
+18
HAPPY.GIRL
2017-03-02 00:45:38
Айжамалдын куйоосу кайра кайра коруп жатса керек...
+31
sirgak_92
2017-03-02 01:01:42
Сахна такыр жазалган эмес го
-10
Pandora
2017-03-02 02:36:12
sirgak_92,жасалган эмес "жазалган"-деген соз жок кыргыз тилинде.
Азыркы жаштарга не болгон тушунбоймун же "С"-тамгасына тилдери келбей калганбы? Оздорунчо эле "дозум,тыты пыты"-деп.Оз эне тилибизди башка тарапка буруп жатат.
+39
Targarien
2017-03-02 04:09:49
Pandora, Дозум деп айткандын нези жаман?
-19
Satana
2017-03-02 18:40:45
Targarien.
Дос дейт, доз деп жаны соз киргиздинерби.
Нези деген эмне?
зи.ейин деген да барбы?
+3
kumushbek1989
2017-03-07 21:41:09
Satana,5
0
sirgak_92
2017-03-02 10:31:14
Pandora,сиз кыйратып билесизби кыргыз тилин
-17
lady.girl7997
2017-03-02 22:29:56
sirgak_92, сага караганда жакшы билет экен....
+2
ATLETICO
2017-03-02 06:36:32
Экоосутен, беттерине тарткан шпатлёвкалары 3-4 слой окшойт, жылтырап виддерин бузуп туратко))
-8
Elia2015
2017-03-02 09:41:11
ATLETICO,Сахнанын талабы ошондой да боёнуп чыгыш керек.Телеге да ошондой талап кылат го даже эркектер журналисттерди да апппак кылып салышат
+11
Uson13
2017-03-02 08:15:39
Азыр мектепте с тамгасын окутпай калган окшойт
+18
Satana
2017-03-02 18:48:33
Uson13,
Жакшы экен анда согунбойт экенда с. деп
+1
Guzya
2017-03-02 08:41:33
жакшы болуптур концерти, жалко барбай калдым
Айжамалдын ырларын ырдап чонойдук да))
+1
Elia2015
2017-03-02 09:42:10
Гулнара Айжамал азаматсынар! Дагы да коп ийгиликтерди багынта бергиле
+3
ashirbaev78
2017-03-02 09:51:38
Концерт аяабай жогорку денгеелде чыгармачылык ийгилик
+5
Gulnur1980
2017-03-02 10:45:39
Озубуздун кыздар,азззаматсынар!Бекем ден соолук,уй булоолук бакыт,чыгармачылык ийгилик каалайм!!!.
+2
nazira...
2017-03-02 12:29:38
Кенжеси эмне болду экен, чакырышпаптырбы?
0
baiel2015
2017-03-02 14:57:55
Бышкан ашка сынчы коп,бул концерттин артында чон эмгек жатат.
0
pixduel1
2017-03-02 16:16:09
Манас Алыкулов жакшы алып бара албайт! Канча жолу кордум алып барганын , бирок озгоруу жок! Ашыкча суйлогонду койсо жакшы болмок.
+1
erkeleim
2017-03-03 03:21:04
pixduel1,туптуура сын жазыпсыз ата баркы менен журот бул жигит. соз байлыгы жок дежурный ххххсоздор
0
pixduel1
2017-03-02 16:23:26
Айжамал татыктуу адамга турмушка чыксын, бирок мурунку куйоосунун эжесин жакшы тааныйм . Ажылдаган кыз , эмвейде иштечу , аны колдоп Айжамал канча жолу келип берди билген жок ! Бактылуу болсун мындан ары!!!
+5
alik25
2017-03-02 17:01:09
Эч кандай анын балдары болбоймун болгону болгонун болгондой айттым же жалганбы убагында учоосун бири бирисиз элестетуу кыйын эле эми минтип болунуп кеткени окундурот. Анан тарбияны Гулшайыр эжеге караганда Кенже эже кобуурок берген ошолорду унутуп калганы тан калычтуу. Сайкал деле баккан апам деп журуп эле эми жуз бурганы тан калычтуу.
Болгону Кенже эженин кадырына жетпеди ал кетип кыз бурак кандай болуп атканын коруп эле атабызго.
-3
Zazharka
2017-03-02 23:38:20
alik25,туура айтасын баары бир мезгилде жуз буруп кетишти кандай куноо кылды экен Кенже айым табышмак?!
+1
erkeleim
2017-03-03 03:17:50
Респект! Айжамал сен миндеген кыргыз кыздарына дем бердин, ажырагандын жашоосу токтоп калбасын корсоттун позитивдуу кыз экенсин эми багын ачылсын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан