Сооронбай Жээнбеков Экономикалык кызматташтык уюмунун 13-Саммитине катышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 1-мартта, Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун 13-Саммитине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Саммиттин ишине Иран, Пакистан, Түркия, Кыргыз Республикасы, Казакстан, Азербайжан, Ооганстан,Тажикистан, Түркмөнстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин делегаттары келишти. Саммитте Иран, Түркия, Түркмөнстан жана Азербайжандын президенттери катышты.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Наваз Шарифтин эки тараптуу жолугушуусу өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан