Өлкө аймагындагы Жогорку окуу жайларында кыргыз тилин окутууда маселелер 1-мартта Кыргыз-Түрк Манас университетинде өткөн тегерек столдо талкууланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев, Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, ЖОЖдордун мугалимдери катышышты. Алар кыргыз тилин окутуунун негизги максаттарына токтолуп, өлкөнүн руханий жактан өнүгүшүндөгү маанилүү багыт экенин белгилешти. Мындан сырткары окутуу планы, иштөө программалары, окуу куралдарына тийиштүү маселелер каралды.