"Эл ЕАЭБге киргенден кийин бензин арзандабай койду деп жатат", - деп Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Калдарбек Баймуратов билдирди.
Анын айтымында, бул тууралуу пахта өстүрүүчүлөр айтып чыгышкан. "Иш башталганда майга болгон баа кымбаттап кетсе, өзүн актабай жатат" деп айтышууда", - деди депутат.
Мындан тышкары эл өкүлү аймактарда курулуп жаткан объекттерди тезирээк бүтүрүп берүүнү суранды.
"Башталган спорттук залдарын, мектептерди бүтүрүп берсеңер жакшы болмок. "Жаңыны баштабаса да мурункуларды бүтүрсөңөр" деп эл суранып жатат", - деди ал.