Аламүдүн базарынын айланасында рейд жүргүзүлүп, эрежеге баш ийбеген айдоочуларга айып салынды

Аламүдүн базарынын айланасына унаалардын башаламан токтошу боюнча атайын рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык мэрия менен патрулдук милиция базардын айланасында рейд жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында айдоочулар арасында токтоого тыюу салынган жерлерге токтоп, жол эрежесин орой бузгандар аныкталган.

ишкек шаардык мэриясы Свердлов райондук патрулдук милиция кызматы менен жол тыгындарын жоюу боюнча аракеттерди жүргүзүшкөн. Иш-чаранын алкагында Аламүдүн базарынын айланасы иретке келтирилди. Андан соң рейдке чыккандар Ак-Эмир базарында иш жүргүзүшкөн. Жалпысынан 12 протокол толтурулду", - деп билдирген басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Birimdik5555
2017-03-02 13:01:18
Ошко да бир катуу рейт жургузуш керек экен,зебрадан коп шоферлер токтобойт
+1
shamalchanin
2017-03-02 14:09:01
озу кыргызстанда 24 саат бою кундо рейд керек.тартип жок. сабатсыз шопурлар андан дагы коп. ))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан