Өкмөт Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштерине 120 миллион сом бөлдү

Өкмөт Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштерине 120 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта парламентте Өкмөттүн Жогорку Кенештеги туруктуу өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди.

Анын айтымында, дарыянын сол жээгинде 193 кооптуу участок аныкталган.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлиги быйыл Чүй дарыясынын жээгин бекемдөөнү 11 объектте жүргүзүүнү пландап жатат. Анын 2 объектиси башталды", - деди ал.

Буга чейин депутаттар дарыянын жээктерин бекемдөө боюнча өкмөткө тапшырма берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан