1-майда Казакстандын Актау шаарында жаштар арасында футбол боюнча эл аралык мелдеш башталды. Анда мекендештерибиз мыкты оюн көрсөтүп 7:2 эсебинде Актаунун “Каспий” командасын утуп алышты. Айта кетсек, мелдешке Кыргызстан, Казакстан жана Түркмөнстандын жаштар курама командалары катышып жатат. Ал эми бүгүн, 2-майда кыргызстандыктар дагы бир казакстандык команда менен беттеш өткөрөт.