Бишкектеги аялдамалар күзгө чейин оңдолот

Бишкек шаардык мэриясынын Свердлов райондук администрациясы менен биргеликте борбор калаадагы аялдамаларды оңдоо планын иштеп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда 35 аялдама комплексин ижарага алгандар өздөрүнүн эсебинен оӊдоо, сырдоо, тазалоо жана айлана-тегерегин жакшыртуу иштерин жүргүзүшүүдө.

"Жакын арада аялдамаларга таштанды челектери жана отургучтар орнотулат. Иштелип чыккан планга ылайык, оңдоо иштери ушул жылдын сентябрь айына чейин аяктайт. Учурда калаанын Чыгыш-5 кичи районундагы, Абдрахманов-Бөкөнбаев жана Москва-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамалар оӊдолуп бүтүү алдында турат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
akil.91
2017-03-02 12:58:47
Койгулачы баарыбы э? Ото кубанычтуу жанылык болду лично мен учун!
0
akil.91
2017-03-02 13:00:46
Улгу катарында бир аялдаманын фотосу болсо жакшы болмок. Ушундай болуп озгорот дегендей...
+2
aydarov...
2017-03-02 13:06:10
Куздон кийин кыш бар дегендей
+2
arlekino
2017-03-03 16:47:54
Жылда эле которула берет мэр алмашты остановкалар менен мусор аянтчасы алмашат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан