ЖЫЛНААМА, 2-МАРТ: "Модный приговор" телеберүүсүнүн биринчи алпаруучусу, модельер Вячеслав Зайцев 79 жашка толду

Советтик жана орусиялык модельер, Орусиянын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Эл сүрөтчүсү Вячеслав Зайцев 79 жашка толду. Ал 1938-жылы 2-мартта Орусиянын Иваново шаарында туулган. 1962-жылы Москвадагы текстилдик институтту артыкчылык менен аяктаган. Алгач ал жумушчу аялдарга ылайык атайын кийимдин дизайнын ойлоп чыккан, бирок колдоо тапкан эмес. Ал эми атактуулукка көп жылдардан кийин гана жете алган.

1970-жылы Зайцев Муслим Магомаев, Тамара Синявская, Иосиф Кобзон, Эдита Пьеха, Александр Стрельченко, Алла Пугачёва, Людмила Зыкина, Филипп Киркоров сыяктуу атактуу ырчылар жана "Машина времени", "На-на" топтору менен иштешкен.

2007-жылдын жай айынан 2009-жылдын ортосуна чейин орустардын Биринчи каналындагы "Модный Приговор" телеберүүсүн алпарган. В.Зайцев Людмила Путинага, Светлана Медведевага жана атактуу орус арттисттерине, спортчуларга кийимдеринин моделин даярдаган.

В.Зайцев Марина аттуу айымга үйлөнүп, бирок кийинчерээк ажырашып кетишкен. Экөөнүн ортосунда Егор аттуу уулу жана неберелери бар.

2-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан