Чүйдөгү мектептердин биринде бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды

Чүйдөгү мектептердин биринде бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1-март күнү саат 15:26 чамасында Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кең-Булуң айылындагы орто мектептин кароолчусунан маалымат келип түшкөн. Анда мектепте бомба коюлганы тууралуу айтылган.

"Ал жерге УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери барышып, ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок эч кандай жарылуучу зат табылган эмес. Ошол эле күнү кылмышка шектүү катары 1969-жылы туулган Ж.Э. кармалган. Ал мектепте кароолчу болуп иштеген тууганын тамашалап койгонун айткан. Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Parish
2017-03-02 15:41:54
Ойноп суйлосо да ойлоп суйлошу
керек болчу,эми озунан чыккан
созуно жооп бере берсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан