"Атанын керээзи" тасмасы Орусиянын "Ника" киносыйлыгына талапкер болду

Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу режиссёрлук кылган "Атанын керээзи" тасмасы Орусиянын "Ника" киносыйлыгына "КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" категориясы боюнча талапкер болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта SUPER.KG`ге Дастан Жапар уулу билдирди.

"Бүгүн аталган киносыйлыкка талапкерлердин тизмеси жарыяланды. Анын арасында биздин тасма да бар экен. Сыйлык ээлери 28-мартта аныкталат", - дейт режиссёр.

Кошумчалай кетсек, сыйлык ээлери Кинематография искусствосу академиясынын мүчөлөрүнүн добушунун негизинде аныкталат. Сыйлык 1987-жылдан тарта тапшырылып келет.

Белгилей кетсек, аталган тасма чет өлкөдө өткөн бир нече фестивалдарда баш байге алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Biyke4
2017-03-03 04:13:48
Кинотеатрлардан качан корсотулот экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан