Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиева Кыргыз мамлекетинин идеологиясы менен жеке менчик мектеп ачуу керек экенин айтты.
"Кыргыз Республикасында жеке менчик мектептердин арасында, еврей, түрк, америкалык ар кандай мамлекеттин мектептери бар. Өлкөнүн билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн жеке менчик мектеп ачыш керек. Атаандаштык болсо жакшы өнүгүү болот. Эми Кыргыз идеологиясы менен жеке менчик мектеп ачып, салык төлөөдө жеңилдиктерди көрсөтүү керек. Бир гана Бишкек же Ош шаарларында эмес, алыскы аймактарга да көбүрөөк ачсак жакшы болот", - деди эл өкүлү.