Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бүгүн, 2-майда КРнын Көркөм гимнастика федерациясынын 20 жылдыгы белгиленди. Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, аталган федерациянын ардагерлери жана жаш таланттары катышышты. Анда аталган федерациянын президенти, ЖКнын депутаты, Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Чолпон Султанбекова: "Ардагерлердин кылган эмгегине таазим кылабыз! Алар тарбиялаган окуучулар учурда көптөгөн мелдештерге катышып, алдынкы орундарды багындырып келишүүдө",- деди. Мындан сырткары бул саамалыктын алкагында көркөм гимнастика боюнча өлкө чемпиондугу башталды. Анда 33 спортчу 3 топко бөлүнүп, күч сынашууда. Ошондой эле чакан сүрөт көргөзмө да уюштурулду.