"Тамекинин акциздик салыгын жогорулатканда 2020-жылы бюджетке 8 миллиард сом түшүүсү күтүлөт", - деп парламентте КСДП фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев билдирди.
Анын айтымында, 2018-2019-жылдары 1 куту тамекинин баасы жыл сайын 5 сомго жогорулап турат.
"ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинде биздин өлкөдө тамекиге карата акциздик салык коюму кыйла төмөн. Ошондон улам тамеки заттарына карата акциздик салык коюмун жогорулатуу чаралары сунушталууда", - деди ал.
Мындан тышкары, Саламаттыкты сактоо министрилигинин тамекиге каршы күрөшүү боюнча улуттук координатору Чынара Бекбасарованын айтымында, изилдөөлөрдүн негизинде учурда тамеки тарткандар азайып, насвай тарткандар көбөйүп кеткенин айтты.
Жогорку Кеңеште тамеки заттарына карата акциздик салык коюмун көтөрүүгө багытталган “Салык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын бириктирилген долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.