Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева Болгариядан келген делегация менен жолукту

Бүгүн, 2-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева Болгариядан келген делегация менен жолукту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Делегациянын курамында “Св. Климент Охридски” атындагы София университетинин юридикалык факультетинин деканынын орун басары Георги Митов, Болгариянын адвокаттарын окутуу борборунун Кеңешинин төрагасы Йордан Йорданов бар. Жолугушууда Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү” долбоорунун негизги эксперти Радость Тофтисова-Матерон да болду.

Тараптар судьялардын квалификациясын жогорулатууга, майнаптуу окутууларды уюштурууга байланышкан маселелерди көтөрүп, алар боюнча маектешишти. Делегаттар Болгариянын тажрыйбасы тууралуу айтып беришкен соң Европа өлкөлөрүнүн тажрыйбасы менен А.Токбаева өзүнүн болгон иш сапары учурунда таанышкандыгын жана биздин менталитетке жана тутумга ылайыктууларын колдоно тургандыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан