Ырчы, обончу Съездбек Искеналиев "Арноо" аттуу чыгармачылык кечесин өткөрдү (фото)

Бүгүн, 2-мартта ырчы, обончу Съездбек Искеналиев Коомдук биринчи каналдын студиясында "Арноо" аттуу чыгармачылык кечесин өткөрдү. Кечеге белгилүү акындар, ырчылар, бий топтору, жакын санаалаш достору катышып Искеналиевдин обонуна таандык чыгармаларды аткарышты. Бул күнү акын Кыялбек Урманбетов, ырчылар Асель Турдалиева, Гүлнара Тойгонбаева, Арсен, Ильяз Андаш, Алихан, Нэна, Замир Арыкбаев жана башкаларды көрө алдык.

Чыгармачылык кечеси тууралуу ырчы буларды билдирди:

"Чынында канча деген чыгармачыл инсандар менен иштешип, бир топ обондорду жаратканымды бүгүн көрүп, бир чети сыймыктанып турам. Ар бир обондун өзүнчө жаралуу тарыхы бар. Эл жылуу кабыл алып, ырдап жүргөндөр: Алсак, Омардын "Кош жүрөк", Арсендин "Эсимде", Нэнанын "Мен сенден сүйүү күтөм", "Унчукпадыӊ" жана башка. Албетте, муну менен дагы токтолуп калбайбыз, дагы да болсо чыгармаларды жаратып, элге тартуулоону улантабыз".

Ал эми Асель Турдалиева: "Менин окуучум чыгармачыл инсандыгы менен эле эмес, адамдык мыкты сапаттары менен башкалардан өзгөчөлөнөт", - дейт.

"Съездбек жан дүйнөсү таза, адамгерчиликтүү, тубаса интеллекти жогору инсан. Жакындарына, үй-бүлөсүнө кылган мамилесин көрүп, жүрөгүӊ эзилип кетет. Жигитке 70 өнөр аздык кылат деп айтылат эмеспи, бул жигитте андан да ашык өнөр бар деп билем. Мындан да көп ийгиликтерди жаратып, бактылуу болушун каалайм", - деп билдирди А.Турдалиева.

Съездбек Искеналиев, Асель Турдалиева. 02.03.17.
Съездбек Искеналиев обондуу ырларынын кечесин белгиледи
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
farida.kg.1991
2017-03-02 20:33:13
сахнанын жасалгасы простой
0
lady.girl7997
2017-03-03 02:02:28
farida.kg.1991, Крикоров эмесда
+1
Alaikuu_Kan-Korgon
2017-03-03 08:24:01
Супер кейджи ссылка жокгоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан