Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2- мартта "Tokyo Rope MFG Co., Ltd" компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танаканы жана "MITSUI & CO. STEEL LTD" компаниясынын вице-президенти Шюджи Мурамацуну кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда япон компанияларынын жетекчилери мамлекет башчысына Кыргыз мамлекетинде өндүрүштүк ири долбоорлорду ишке ашыруу пландары жөнүндө айтып беришти. Тагыраак айтканда, "Tokyo Rope MFG Co., Ltd" компаниясынын башчысы тийиштүү квалификациялуу адистерди даярдоо менен Кыргыз жеринде таш кулоолордон, селдерден, кар көчкүлөрдөн, жер көчкүлөрдөн сактоочу системаларды өндүрүү боюнча объектилерди ишке киргизүү ниети бар экенин билдирди. "Tokyo Rope MFG Co., Ltd" компаниясы өндүрүүнү божомолдоп жаткан продукция регионалдык инфраструктуралык жана энергетикалык ири долбоорлор ишке ашырылып жаткан биздин региондун тоолуу өлкөлөрүндө жогорку суроо-талапка ээ экендиги белгиленди.
Алмазбек Атамбаев япониялык ири инвестициялардын жардамы менен Кыргыз мамлекетинде бул долбоорлорду ишке ашыруу жапон бизнеси үчүн гана маанилүү сигнал болбостон, жалпысынан биздин өлкөбүздүн инвестициялык ыңгайлуулугун арттырууга көмөк болорун баса белгиледи.