Кыргыз Республикасы менен Франциянын дипломатиялык кызматташтыгына 25 жыл толду. Буга байланыштуу өлкө президенттери Алмазбек Атамбаев менен Франсуа Олланд бири-бирин куттукташты.
Кыргыз президенти акыркы 25 жылда өлкөлөр ортосунда достуктун бекем пайдубалына негизделген эки тараптуу өнөктөштүк жана ишеним калыптанганын белгиледи. Кыргыз тарап демократияны жана рыноктук мамилени өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн Франция өкмөтүнө ыраазы экенин, Кыргыз мамлекети Франция менен мындан ары да инвестициялык, каржы-техникалык багытта кызматташууга кызыкдар экенин айтты.
Франсуа Олланд Кыргыз мамлекети менен Франциянын байланыштары саясий, экономикалык жана маданий тармакта өнүккөнүн, Кыргыз жерине биргелешкен Кыргыз-Франциялык ишканаларды түзүүнү колдой турганын айткан куттуктоо телеграммасында.