Англияда окумуштуунун лабораториясынан табылган 90 жылдык көк (плесень) 15 миң долларга сатылды

Лондондо өткөн аукциондо пенициллинди ачкан окумуштуу Александр Флемингдин лабораториясынан табылган 90 жылдык көк (плесень) 15 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, аны сатып алган адам ысымын жашырган. Көк айнек банкага салынган. Ал эми анын түбүндө А.Флемингдин "ушул көктөн пенициллин жасалган" деп жазып калтырган каты бар.

Пенициллинди ачкан окумуштуу өз убагында ичине көк салынган ондогон банкаларын кесиптештерине жана коомдук-саясий ишмерлерге белекке берген. Мындай үлгүлөр Рим папасы Пий XII, британиялык саясий ишмер Уинстон Черчилл жана немис актрисасы Марлен Дитрихте болгон.

Белгилей кетсек, пенициллин 1928-жылы ойлонуп табылган. Ал пневмония, ревматикалык лихорадка ооруларын айыктырууга жардам берген. Ошондой эле Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда жаракат алган жоокерлерди дарылоодо маанилүү роль ойногон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ronaldo.99
2017-03-03 18:34:33
Устуно акча кошуп бергенде да албайт элем
-11
nur_zhoni
2017-03-03 21:38:28
Ronaldo.99, сага бербейт да эле
+6
Ronaldo.99
2017-03-03 22:19:41
nur_zhoni,Айттымго берсе да албайт элем деп
-9
cholpon9393
2017-03-04 00:38:53
Ronaldo.99,андай нерсени тушунбосон албайсында.
+4
Bolotbek7404
2017-03-04 06:44:52
Пенициллинди Авицена ачкан
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан