Жогорку Кеңеш 2-мартта “Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндөгү” техникалык регламент” мыйзамын өзгөртүү демилгесин талкууланган. Депутат Мирлан Бакиров "Парламент" радиосунун түз эфирине таза суунун сапаты, тарифтик саясат тууралуу пикир бөлүштү.
“Сууга болгон, атүгүл жер салыгынын тарифтери да жергиликтүү кеңештер тарабынан аныкталат. Бирок ошол жергиликтүү кеңеш депутаттары бааларды жогорулатып, өз аймагында жаман көрүнгүсү келишпейт. Буга иш ыргагында күбө болуп жүрөбүз. Таза суу менен камсыздоону өкмөт колго алып жаткан соң, өкмөт талапты да коё билгендей болуш керек. Бул баа саясатына тиешелүү", - дейт депутат.
Бакиров эл аралык уюмдардан алынган насыяларын жабууда сууга болгон төлөмдөрдүн да жардамы тийиши керек деген пикирде.