Жайыл районунда оор жүк ташуучу унаанын чиркегичи бир адамды басып калды (фото)

Жайыл районунда оор жүк ташуучу унаанын чиркегичи бир адамды басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 137-чакырымында болгон. Анда Орусия өлкөсүнө таандык оор жүк ташуучу унаа Тажикстанга бара жаткан. Айдоочу унааны токтотуп текшерип жаткан учурда, анын жардамчысын унаанын чиркегичи басып калган. Анын кесепетинен Тажикстандын жараны З.А.М. ошол жерде каза болгон. Ал эми айдоочу жабыркаган эмес. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, каза болгон адамдын денесин чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
almazbei
2017-03-03 10:03:38
Кызыктай эле окуя болуптурго?
+1
bond02
2017-03-03 10:14:31
Бир аз тушундуруп, кененирээк жазсанар.
+4
elchi84
2017-03-03 10:23:50
Чиркегич эмне оодарылып кеткенби
+2
Seryi-Kardinal
2017-03-03 10:30:32
ӨКМК сапаттуу фотоаппарат алып алыш керек экен
+4
Miri1990
2017-03-03 10:37:21
Прицеп
+1
baltabai
2017-03-03 14:13:03
Кудай сактасын
+1
bom.bon
2017-03-03 17:01:11
Россиядан кайтканго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан