3-мартка караган түнү Бишкектин Жал кичи районунда жол тандабас өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, саат 03:40 чамасында Жалдагы 38-үйдүн короосунда токтотулуп турган Тойота Ленд Крузер өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү тез арада өчүрүү аракеттери көрүлүп, саат 04:18де өрт толугу менен өчүрүлгөн. Жол тандабастын жанына токтотулган Тойота Калина унаасынын арткы бөлүгү күйгөн.
Өрт кимдир бирөө тарабынан жасалганбы же унаа техникалык мүчүлүштүктөн улам өрттөнүп баштаганбы? ӨКМ тактап жатат.