Бүгүн, 3-мартта КСДП фракциясынын жыйынында депутат Осмонбек Артыкбаев тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн ымыркайлар эмне үчүн көбөйүп жатканына кызыкты.
Анын айтымында, 2016-жылы мындай оору менен 3 000 бала төрөлгөн. 2015-жылга салыштырмалуу 300гө көп болуп саналат.
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев мында социалдык экономикалык маселелер бар экенин айтты.
"Менин оюмча, балалуу болом деген үй-бүлөлөр алдын ала пландашы керек. Мындан тышкары өлкөбүздөгү тамак-аштын дагы мааниси чоң", - деди министр.