Ошто жергиликтүү тургунду коркутуп, акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Ноокат районунун тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал Ноокат районунда туулган, учурда Орусиянын жараны коркутуп, 63 миң сом талап кылып жатканын айткан. Бул факт боюнча "опузалап талап кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, 5 миң сом алып жаткан жеринен А.Ш. кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.