Бүгүн, 3-мартта "Кинозал" бөлүмү эксклюзивдүү "Абысындар" тасмасы менен толукталды. Тасма актриса, режиссёр Ырыс Жоомартованын идеясынын негизинде жаралган. Автор тасмада үч абысындын ортосундагы жек көрүү, көрө албастык сезимдерди берүү менен бүгүнкү турмуштук абалды чагылдыруу максатын көздөгөнүн айтат. Ошондой эле тасманын тартуу иштери бүтөрүнө аз калганда суук кабарды угуп, баарынын көӊүлү чөгүп отуруп калганын билдирди.
"Жамиля Муратова Facebook`тан мени тасмага тартпайсыӊбы" деп жаза берчү. Макул деп аны жогоруда аталган тасмага тарттым, жакшы ойноп берди.
Съёмканын акыркы күнү баарыбыздын маанайыбыз жакшы эле, эртеӊ Бишкекке кетели деп жатканда актёр Мукамбет Токтобаевдин жол кырсыгына кабылып, каза болгонун угуп, аябай көӊүлүбүз чөктү. Эч нерсе жасагыбыз келбей, көлдүн жээгинде отуруп калдык. Негизи тартуу иштери бүткөндөн кийин бир жерде отуруп, каалоо-тилек айтып, чакан белгилөө салтыбыз бар эле. Бул ирет эч нерсеге көӊүл чаппай баарын токтотуп, борбор шаарга келгенбиз", - дейт режиссёр.
Тасмада бир үй-бүлөдөгү үч абысындын күнүмдүк жашоосу чагылдырылып, анын негизинде өлкөдөгү аялдардын жашоо образы көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда тасманы койгон топ ар бир эпизодду күлкүлүү кылып тартып, чындыкты жеткирүүгө аракет кылган. Анан да ашыктык тематикасына өзгөчө токтолушуп, азыркы коомдогу аялдардын өзүнөн кичүү курактагы жигиттерге турмушка чыгып жатышканы, эркек кишилердин өзүнөн бир топ жаш кичүү кыздарга ашык болгону учкай көрсөтүлгөн.
Тасмада үч абысындын ролун актрисалар Ырыс Жоомартова (үйдүн улуу келини Калбүбү), Жамиля Муратова (ортончу келини Береке) жана Асел Нурланова (жаңы келген келини Асел) жаратышкан.
"Абысындар" тасмасын биринчилерден болуп бул жерден көрүӊүз.