Чүйдө каракчылыкка шектелген жаран кармалды

Чүй облусунда каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2016-жылдын 19-декабрында Аламүдүн РИИБинин кызматкерлерине 53 жаштагы К.Н. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда ал 14-декабрдан 15-декабрга караган түнү белгисиз адам бычак менен коркутуп, кымбат баалуу телефонун, 11 миң сом акчасын тартып алып, качып кеткенин айткан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып издөөгө алынган болчу. Февраль айылынын аягында кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Н.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан