КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевден жеке менчик ооруканаларды ким текшере турганын сурады.
"Жеке менчик ооруканалардын кадр, каржы маселесин ким текшерет? Алар отчётту кимге берет?" - деп эл өкүлү суроо берди.
"Жеке менчик ооруканалардын каржы маселесин текшере албайбыз. Ал эми алардын кадр маселеси боюнча коюлган талабы мамлекеттик ооруканадан айырмасы жок. Отчётту болсо статистика комитетине берет", - деди министр.
Мындан тышкары депутат жеке менчик ооруканаларда орточо айлык канча экенине кызыкты. Министр орточо айлык тууралуу маалыматы жок экенин айтты. Ал билдиргендей, жеке менчик ооруканага 2008-жылы 1 миң доллар айлыкка тажрыйбалуу мээрман айым таба албай, чет өлкөдөн алып келишкен.
Жогорку Кеңеште саламаттыкты сактоо тармагынын абалы тууралуу КСДП фракциясынын жыйыны өтүп жатат.