ЖЫЛНААМА, 3-МАРТ: "Бопуш" атка конгон куудул, актёр Марат Жанталиев туулган күнүн туугандарынын курчоосунда белгилейт

Бүгүн, 3-мартта "Бопуш" деген ат менен таанымал болгон актёр, куудул Марат Жанталиев 56 жашка толду. Аны куттуктап байланышканыбызда үйүнө туугандары конокко келип жатышканын айтты.

"Орустарда айтып коёт го, "туулган күн - кайгылуу майрам" деп. Анын сыңарындай жашың өткөн сайын өздүк майрамыңды күтпөй деле калат экенсиң. Бүгүнкү туулган күнүмө карата куттуктоолор саат 00:00дө эле башталган", - деди ал.

Белгилей кетсек, Марат Жанталиев 1961-жылы 3-мартта Нарын облусунун Кара-Кужур айылында туулган. Үй-бүлөдө үч бир туугандын экинчиси. Москва шаарындагы Кинематографиялык институтту бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасынын ээси. Ал көп жылдардан бери Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенип келет. Бир нече тасмаларда роль жараткан.

3-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан