Бүгүн, 3-мартта белгилүү диктор, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бактыбек Мамытов 67 жашка толду. Диктор учурда кесиптештери менен туулган күнүн белгилеп жатканын айтып, SUPER.KG порталына буларды билдирди:
"Эртең менен биринчи болуп жакындарым туулган күнүм менен куттукташты. Ал эми саат 8де радиолордун бири конокко чакырышып, эфирде болдум. Ар түрдүү белектерди алып, жагымдуу каалоо-тилектерди угуп жатам. Кечинде өздүк майрамымды туугандарым менен бирге белгилейм", - деди.
Белгилей кетсек, Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй боорунда жайгашкан Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында туулган. 7 бир туугандын улуусу. Мектепти аяктаган соң Улуттук университеттин филология факультетине тапшырган. Ал эми дикторлукка кокусунан келип калып, 1973-жылдардан тартып бул кесипти аркалай баштаган.
3-мартка карата жылнаама