Ата-энени даӊктап ырдаган чыгармалардын бирин ырчы Акбар Сүйүнбаев аткарат. Ырдын сөзү менен обону Султан Садыралиевге таандык. Ырчы аталган ырдын клиби өзү туулуп-өскөн Кочкор районунун Кара-Тоо айылында тартылганын айтат.
"Атам 2 жыл мурда кайтыш болгон. Андыктан клип тартарда атамдын ордун кантип көрсөтөм деп көпкө ойлондум.
Клип 2016-жылы декабрь айында тартылды. Режиссёру Улан Сүйөркулов. Тартуу иштери башталар күнү айылдаштарым майрамдык кийимдерин кийип, жасанып алышыптыр. Анан айылдагы ардактуу мугалимдерди, аяш атамдарды, кошуналарды кошуп, алардын жай турмуштагы жашоосун көрсөтүүнү туура көрдүк. Ошондой эле өзүмдүн эки балам, апам тартылышты. Айылдаштарым клипке түшүүгө кызыгып, "биз ойлогондой баары оӊой эмес турбайбы" деп жатышты. Азыр айылдын эли клипти көрүп, өздөрүнчө сыймыктанып жатышат.
3 күндө тартуу иштерин бүтүрдүк, жалпы чыгымы 40 миӊ сомдой болду", - дейт А. Сүйүнбаев..
Акбар Сүйүнбаевдин "Ата-эне" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.