"1-майда "мас болуп алып коңшусун бычактап өлтүрүп салган" деп шектелип 50 жаштагы С.К. аттуу жаран кармалды". Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Окуя Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айылындагы үйлөрдүн биринде болуп өткөн. Адам өлтүрүү фактысы боюнча телефон чалуу болгондо, окуя болгон жерге Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери барышып, көкүрөк тушуна бир нече жолу бычак сайылып каза болгон 51 жаштагы В.Ч аттуу адамдын денесин табышкан. Учурда окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.