SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Командалардын лакап аттары" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Футбол жаңылыктарын окуп жатып командалардын лакап аттарын кезиктирүүгө болот. Мисалы, Аргентинаны желегинин жана формасынын түсү агыш-ачык көктө болгондуктан "Альбиселеста" десе, Португалияны "Тандалмалар" дешет".
"Барселонаны" "блаугранас", "сине-гранатовые" дегенин билем". "Бразилия - "Самбанын падышасы", "Селесао". Австралия - "Соккеруз, "Футбол жана кенгуру". Камерун - "Баш бербеген арстандар", мындай атты 1972-жылы Африканын Кубогунун 3-орунун утканда өкмөттүн токтому менен алышкан экен. Алжир - "Пустынные лисы" - Чөлдө кайдагы түлкү? Бир гана Алжирде түлкү бар болгондуктан ушундай аталат.Кот-д'Ивуар - "Пилдер". Колониалдык доордо батышка пилдин сөөгүн көп экспорттоптур". Гана - Формасынан улам "Кара жылдыздар". Нигерия - "Супер бүркүттөр". Испания - "Кызыл Фурия", - байыркы римдиктердин мифологиясында өч алуу Кудайынын бири. Сербия – "Ак бүркүттөр", улуттук желегинде ак бүркүттүн сөлөкөтү бар. Греция - "Пиратико" - 2004-жылы Европанын Чемпиондугун утуп алганда ушул атка конушуптур. Италия - "Скуадра Адзурра", "Адзурри" - кочкул көк түс деген маанини берет экен. Англия - «Үч арстан», курама команданын эмблемасындагы 3 арстан. Мексика - "Үч түстүүлөр", улуттук желеги 3 түстө. Жаңы Зеландия - «Киви». Мындай аталыштагы чымчык бир гана ушул жакта бар. Нидерланды - "Саргылттар", "Учуучу голландиялыктар".
"Валенисия" , Испания - "Жарганаттар".
"Манчестер Юнайтед" - "Кызыл шайтандар".
"Мен көбүнүн чечмеленишин билбейт экенмин. Ошентсе да угуп жүргөн командалардын каймана аттарын атай кетейин: "Ливерпуль" - "Кызылдар", "Мерсисайддыктар". "Реал" - "Актар", "Сливочные", "Галактикос". "Челси" - "Аристократтар", "Пенсионерлер". "Зенит" - "Селсаяктар".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.