Камакта отурган Өмүрбек Текебаев Дональд Трамптын жана Уинстон Черчиллдин китептерин алып келип берүүнү суранып, өтүнүч орундалды. Бул тууралуу 3-мартта SUPER.KG порталына депутаттын жактоочусу билдирди. Депутатка китептер бүгүн киргизилди. Текебаев СИЗОдогу убактысын аталган инсандардын эмгектерин окуу менен өткөрөт.
Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган. Депутат 25-апрелге чейин камакта болот.