Кадыр Маликовго кол салууга шектүү экинчи жаран Кыргыз жерине алынып келинди

Түркиянын тийиштүү органдары теолог Кадыр Маликовго кол салды делген Ырыскул Бейшеналиевди Кыргыз тарапка экстрадициялады. Бул тууралуу 4-мартта Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги билдирди. Элчилик шектүүнү мекенине кайтаруу маселесин чечүүгө көп убакыт кеткенин, 3-мартта Стамбулда аны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине тапшырганын маалымдайт. Ошол эле күнү ал Кыргыз жерине жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 27-ноябрында теолог Кадыр Маликовго кол салуу болуп, кылмышка Ырыскул Бейшеналиев менен Алибек Тилек уулу шектелген. Булар Түркиядан кармалып, Алибек Тилек уулу 2016-жылдын 19-мартында Кыргыз тарапка берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
meni_kut
2017-03-04 10:58:59
жазасын алсын шумшук
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан