Бишкекте өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын күн тартиби бекитилди

Москвада 3-мартта вице-премьерлердин деңгээлинде Евразиялык экономикалык комиссия кеңешинин жыйыны өттү. Жыйында Кыргыз мамлекетинин вице-премьери Олег Панкратов отурум конструктивдүү маанайда өтүп, маанилүү чечимдер чыкканын айтты: "Евразиялык интеграцияга тийиштүү көп маселелерди сүйлөштүк. Бул маселелерди чечүү ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык тармагында интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө жана тездетүүгө жакшы таасир этет", - деди Панкратов.

Кеңештин мүчөлөрү 2017-жылдын 7-мартында Бишкекте өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын күн тартибин да бекитишти. Белгилей кетсек, быйыл Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке, Евразиялык экономикалык комиссия кеңешине Кыргыз Республикасы төрагалык кылат. Былтыр Казакстан төрагалык кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан