УКМК Убактылуу өкмөттүн дагы бир мүчөсүн суракка чакырды

2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмил Үмөталиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылды. Бул тууралуу 4-мартта 24 kg жазды. Үмөталиев бүгүн саат 10:00гө чакырылганы белгилүү болду. Ал депутат Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишине байланыштуу күбө катары суралат.

Эмил Үмөталиев 2010-жылдын 27-апрелинен 2011-жылга чейин Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин милдетин аткаруучу болуп иштеген. Kyrgyz Concept компаниясынын жетекчиси. Эскерте кетсек, УКМК буга чейин Убактылуу өкмөттүн тушунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеген Дүйшөнкул Чотоновду 2 айга камакка алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан