Мындан 339 жыл мурун, 1678-жылы 4-мартта италиялык композитор, скрипкачы жана дирижёр Антонио Вивальди Венецияда туулган. Ал XVIII кылымдагы Италиянын скрипка искусствосунун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Жалпысынан А.Вивальди 500дөн ашык концерт, 100 соната жана бир нече симфония, серенадаларды жазган. Ал эми анын эң белгилүү чыгармаларынын бири болуп "Жыл мезгилдери" эсептелет. Композитор 1741-жылы 28-июлда 63 жашында Венада көз жумган.
4-мартка карата жылнаама