Сооронбай Жээнбеков Япониянын Кыргыз жериндеги элчиси менен жолукту

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 3-мартта Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ёсихиро Ямамура менен жолугушту. Кыргыз мамлекети менен Япониянын дипломатиялык алакасынын түзүлгөнүнө 25 жыл толгонун белгилеген премьер:

"Биз Япония өкмөтүнө эки тараптуу дипломатиялык мамиле түптөлгөндөн бери көрсөтүп келе жаткан колдоосуна ыраазычылык билдиребиз. Азыркы тапта Кыргыз мамлекети менен Япониянын ортосунда транспорт жана коммуникация, айыл чарба, билим берүү тармактарында бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Япония элинин мүнөзүндө эмгекти сүйүү, талап кыла билүү, чынчылдык жана көздөгөн максатына жетүү аракети бар экендигин өзгөчө белгилеп кетүү керек", - деди.

Өкмөт башчы Япониянын Кыргыз жериндеги элчисин кызматка киришүүсү менен куттуктап, мындан ары да эки тараптуу кызматташуунун жыйынтыгы натыйжалуу болоруна ишенерин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан