Кыргыз өлкөсүнүн Швейцариядагы элчисине кошумча милдет жүктөлдү

Данияр Мукашев Кыргыз мамлекетинин Лихтенштейн княздыгындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка 3-мартта президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Мукашев буга чейин Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү кызматын аркалап келген. Эми Женева шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу менен жаңы милдет жүктөлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан