"Республика-Ата Журт" фракциясынын 3-марттагы жыйынында автоунаа ээлери төлөчү салыкты жоюп, аны күйүүчү май берүүчүлөр тарабынан алынуучу акциз салыгына которуу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралды.
Демилгечилер белгилегендей, учурда колдонулуп жаткан автоунаа салыгынын пайдасы аз жана жарандарга ыӊгайсыз. Тагыраагы, өлкөдө катталган 1 миллион 15 миң 352 унаанын 23 пайызынын ээлери кандайдыр бир себептерден улам төлөбөй келет. 10 миӊден ашуун унаага 50 пайыздык жеңилдиктер берилген. Ошондуктан салык толук чогултулбай, 2013-жылы 615 миллион сом, 2014-жылы 670 миллион сом, 2015-жылы 689 миллион сомдун тегерегинде гана акча түшкөн. Андан тышкары аталган салыкты чогултуу үчүн төрт мекеме (Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик каттоо кызматы, жергиликтүү бийлик органдары жана жол патрулдук милициясы) иш алып барып, алардын киришесинен чыгымы көп. Салык төлөгөндүгүн тастыктаган чаптама айдоочуларга бекер берилип, ага жыл сайын эки жарым миллион сомдой каражат кетет.
Депутат Өмүрбек Бабанов жаӊы киргизилип жаткан норманы минтип түшүндүрдү: "Мыйзам долбоору аркылуу бардык унаа ээлерине бирдей, калыс, ыӊгайлуу шарттар түзүлөт. Башкача айтканда, унааӊ үчүн эмес, айдаганыӊ үчүн салык төлөйсүӊ. Колдонулуп жаткан мыйзамга ылайык, айдабасаӊ да унааӊа салык төлөшүӊ керек. Ошондой эле салык жыйноо жеӊилдеп, коррупциялык жагдайлар азаят".