ЖЫЛНААМА, 5-МАРТ: 64 жыл мурун советтик коомдук-саясий ишмер Иосиф Сталин көз жумган

Мындан 64 жыл мурун, 1953-жылы 5-мартта мамлекеттик жана саясий ишмер, Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчысы (1941-1953), Советтер Союзунун Баатыры, генералиссимус Иосиф Сталин (Жугашвили) көз жумган. Ал 1878-жылы 21-декабрда Грузиянын Гори шаарында туулган. 1894-жылы Горидеги дин окуу жайын бүтүргөн. Кийин марксчылардын таасири менен революциячыл кыймылга аралашып, жашыруун ийримдерде маркстык адабияттар менен тааныша баштаган. Октябрь революциясын даярдоого жана ишке ашырууга активдүү катышып, Борбордук комиссиянын Саясий бюросунун куралдуу көтөрүлүшүнө жетекчилик кылып, Петроград аскердик революциялык комитетинин мүчөлүгүнө кирген.

1922-жылы апрелдеги Коммунисттик партиянын пленумунда ССКПнын БКсынын Башкы катчылыгына шайланып, ал кызматта өмүрүнүн акырына чейин иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында СССРди коргоо менен милитаристтик Японияны талкалоого жетекчилик кылган. Ал жаңы совет өкмөтүнүн эл чарбасын калыбына келтирүүгө жана андан ары өнүктүрүүгө, эл аралык позициясын чыңдоого зор салымын кошкон.
Иосиф Сталинге "Социалисттик Эмгектин Баатыры" (1930), "Советтер Союзунун маршалы" (1943), "Советтер Союзунун генералиссимусу" деген наамдар берилген. Ошондой эле 1-даражадагы Суворов ордени жана медалдар менен сыйланган.

5-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан