Президент Алмазбек Атамбаев 4-мартта "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылкы бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамга кол койду. Ага ылайык, соцфонддун 2017-жылкы кирешеси 45 миллиард 937 миллион 401 миң сом, чыгымы 45 миллиард 935 миллион 664 миң деп бекитилди. Ал эми мекеменин 2018-2019-жылдарга кирешесинин божомолу - 48 миллиард 754 миллион 135 миң жана 52 миллиард 184 миллион 471 миң сом, бул жылдарга чыгымынын божомолу 48 миллиард 562 миллион 766 миң жана 51 миллиард 380 миллион 49 миң сом деп такталды.