"Ата Мекен" президенттикке Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин көрсөттү

Оппозициялык "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого катышат.

Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта SUPER.KG порталына партиянын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Бишкекте бүгүн "Ата Мекен" партиясынын республикалык кезексиз жыйыны өтүп, анда республика аймактарынан келишкен партиянын делегаттары Кыргыз Республикасынын президенттигине Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин бир добуштан колдошту. Өмүрбек Текебаевди жана Дүйшөнкул Чотоновду камактан бошотуу тууралуу бийликке кайрылуу жолдошкону да белгилүү болду.

Шыкмаматовдун айтымында, мындан ары Текебаевди колдоо иретинде республика боюнча тынчтык митингдери башталат.

Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган. Депутат 25-апрелге чейин камакта болот.

Мыйзамга ылайык, президенттик шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтөрү күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан