Мындан 91 жыл мурун, 1926-жылы 6-мартта белгилүү прозаик, сатирик, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Касым Каимов Талас районунун Арал айылында туулган.
Ал 1942-жылы орто мектепти бүтүп, райондук гезитте жооптуу катчы болуп иштеп эмгек жолун баштаган. 1945-жылы Бишкектеги мугалимдер институтун, кийин Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун филология бөлүмүн бүтүп, Талас облустук “Лениндик туу” гезитинде котормочу, “Жаш ленинчи” журналында бөлүм башчысы, жооптуу катчы, “Кыргызстан пионери” гезитинде редактор, 1956-жылдан баштап 1959-жылга чейин “Чалкан”, “Ала-Тоо” журналдарында, “Кыргызфильм” киностудиясында башкы редактор, “Кыргызстан маданиятында” башкы редактор, Жазуучулар союзунун катчысы, 1978-87-жылдары Талас облусу боюнча адабий консультант болуп үзүрлүү иштеген.
К.Каимовдун адабиятка болгон шыгы 1942-жылы башталып, ыр, фельетон, очерктери мезгилдүү басма сөз беттерине жарыяланган. 1953-жылы “Ала-Тоо” журналына “Теке сүзгөндө” аттуу сатиралык аңгемеси жарыяланып, коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынган. Жазуучунун биринчи китеби “Соңку жолугушуу” деген ат менен 1955-жылы басмадан чыккан. Ага удаалаш “Адашуу”, “Мектеп жолунда”, “Талаа жылдызы”, “Бирине-бири окшобогон күндөр”, “Кыш ыргактары”, “Белгилүү эркек”, “Ийри жылан” аттуу повесть, аңгеме, драмалар жыйнактары автордун калеминен жаралган. Кыргыздын залкар музыканты, ырчы жана комузчусу Атай Огомбаевдин өмүр жолун көркөм сүрөттөгөн “Атай”, “Акырын күтпө” романдары идеялык-эстетикалык табылгаларга бай чыгармалар. Жазуучунун тандалган чыгармалар жыйнагы 1976, 1984, 1989-жылдары басмадан жарык көргөн. Анын бир канча чыгармалары орус, казак жана башка тилдерге которулган. 1980-жылдары анын калеминен жаралган “Аялдын самаганы”, “Алар кутулушпайт”, “Тутка” сыяктуу чыгармалары таамай деталдуу, юморлуу манерада жазылган. Турмуштагы болгон ар кыл окуялар, көйгөйлүү маселелер кеңири баяндалып, ар түркүн мүнөздөгү тагдырлар, образдар ачык чагылдырылып сүрөттөлгөн.
Кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы өкмөт, коомчулук тарабынан жогору бааланып “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн” медалы жана “Ардак Белгиси” ордени менен сыйланган. Касым Каимов 1989-жылы дүйнөдөн кайткан.