Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор боюнча мыйзам долбоорун кеңири талкуулоо максатында 10-марттан 31-мартка чейин өлкөнүн аймактарында парламенттик угуулар өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган долбоор 16-февралда Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда кабыл алынган. Парламенттик угууларды өткөрүүнүн алкагында “Мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамдын ишке ашырылышына көзөмөл жүргүзүү боюнча маселе дагы каралмакчы.