Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрдү атайылап атып түшүрүү иштери жүрүүдө

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрдү атайылап атып түшүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-март күнү ӨКМнын ыкчам тобу жетектеген артиллериялык топ, кар көчкүсүн атайылап түшүрүү иш-чараларын жүргүзүшкөн. Анын негизинде Бишкек-Ош унаа жолунун 222-223-226-231 чакырымдарында жалпы 36 даана снаряд атылып, 59 миң метр куб кар көчкүсү түшүрүлгөн.Түшкөн кар көчкү жолго жеткен эмес. Кар көчкүсүн түшүрүү иш-чаралары бүгүн Чүй облусунун аймагында улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан