Араван районунда кар көчкүдөн улам жабылган унаа жол тазаланууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 5-март күнү саат 17:00 чамасында Ош-Кичи-Алай унаа жолунун 85-95-чакырымында 3 жерден кар көчкү түшкөн. Анын көлөмү 2,2 миң метр кубга жетип, унаа жолду жаап калган. Анын кесепетинен жабыркагандар жок. Аталган жолду тазалоого №21-жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып, тазалоо иштерин жүргүзүүдө.